Белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул сыйлыкты көптөн бери күтүп жүргөнүн айткан ырчы ою менен бөлүшкөн;
» Министрлик тарабынан атайын чакыруу алып, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйландым. Ачыгын айтсам, бул сыйлыкты көптөн бери күткөм, убакыт-сааты эми келди окшойт, рахмат. Маданият өкүлдөрүн сыйлоо иш-чарасына бара жатканда сезимдерим анчалык деле эмес болчу, сыйлыкты алгандан кийин ушунчалык жагымдуу болду. Расмий түрдө алгандан кийин башкача толкундоо болуп, стимул жаралды. Муну алгандан кийин башкасын ойлой баштайт экенсиң», — дейт ырчы.