Сүйүнчү! Кыргызстанда дагы бир чемпион….

Сүйүнчү! Айпери Медет кызы дүйнө чемпиону болду! Балбан кыз Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды.

Ал  финалдык беттеште колумбиялык Татьяна Рентерия аттуу спортчу айым менен күч сынашты. Беттештин алгачкы бөлүгүндө активдүүлүк көрсөтпөдү делинип атаандашка 1 упай ыйгарылды. Ал эми 2-бөлүктө ошол эле упай кыргыз балбан кызынын пайдасына жазылды. Эсеп сандары 1:1 болуп турганда Айпери Медет кызы каршылаштын артына өтүп 2 упай алды.  Муну менен эсеп 3:1 болуп, мекендешибиздин жеңиши менен аяктады.

Эске салсак, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алгач эквадордук балбанды, андан кийин индиялык балбан кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда америкалык балбан кыз менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде жеңип алган.

Өлкөбүз жеңиштигн гана үстүндө болуп, Ала Тоо арасында Сүйүнчү жаңырып турсун!