“Көр тириликке алаксып жүрө берип сүйүүнү унуткарып койбош керек”…Айзуура Иманалиева жана Мирзат Мукановдун кызыктуу маеги…

Айзуура Имналаиева деген ысымды укканда ар бирибиздин көз алдыбызга Элмирбек Иманалиев менен Гүлбү Орозкул кызынын элеси тартылат. Калктын кадырлуу адамдары, талантуу түгөйлөрдөн төрөлгөн Айзуура турмуштан өзүнүн татыктуу ордун таап жолдошу белгилүү диктор Мирзат Муканов менен бир уул, бир кызды тарбяилдап келе жатышат. Көпчүлүктү суктанткан жубайлардын кызыктуу маегин сунуштайбыз.

Сиздердин үй-бүлөнү билгендер бар, билбегендер бар. Сырттан көргөнү адамды куп жарашкан турпатыңыздар менен суктандырасыздар. Дал ушундай таттуу түгөйлөр кантип табышып калган?

Мирзат: Биздин таанышуубуз азыркы замандын бардык эле жаштарыныкындай болгон. Социалдык тармактан таанышканбыз. Байксам, баарлашканга абдан кызыктуу кыз экен. Анын үстүнө менин үйлөнүүгө жашым дагы келип калган. Ошентип бир жолуктук, эки жолуктун анан бир күнү карасам эле үйлөнүү тойдо жүрөбүз (күлүп).

Айзуура: Социалдык тармактан мага жазган мырзалар көп эле болчу. Бирок ошончонун ичинен грамматикалык катасы жок, маданияттуу жазганы эле Мирзат болгон. Ошол үчүн көңүл бургам. Дароо эле жолугууга макулдук берген эмесмин. 1,5-2 ай убакыт жазышып жүрдүк. Анан окуу жай жактан эң биринчи жолу кезигиштик. Бир жарым жыл кыз-жигит болуп жүрүп баш коштук.

Бири-бириңиздердеги баалаган, жактырган сапаттар кайсылар болду?

Айзуура: Адамды тартып алчу эң биринчи эле нерсеси бул анын келбети, жылдыздуулугу экен. Андан тышкары Мирзаттын сөзгө бай экендигин, маданияттуулугун, адамгерчиликтүүлүгүн жактыргам. Мирзат айткандай сүйлөшүүгө кызыктуу адам. Дүйнө таанымы кенен. Мына ушулары менен арбап алды.

Мирзат: Эң биринчи эле мага Айзууранын тарбиялуулугу жаккан. Үйлөнө турган ар бир жигит кыздарды электен өткөрөт. Келечекте менин жубайым болууга жарайбы, балдарыма эне боло алабы деген суроолор болот. Айзуураны байкасам бардык талапка жооп бере баштады. Эң биринчи баарынан мага жакканы белгилүү адамдын кызы экенин жашырып жүргөнү бир четинен таң калтырды дагы. Уккандан кийин эстен танып жүрдүм.Ушундай атактуунун кызы менен сүйлөшүп жүрөмбү деп. Жолукпай эле койсомбу деген дагы учур болду. Бирок ага чейин сүйдүрүп алыптыр. Артка жол жок болуп калды.

Кыз – жигит кездеги сүйүү башка, үйлөнгөндөн кийинкиси таптакыр башкача болот дешет. Бул нерсе сиздерде кандай?

Мирзат: Үйлөнгөндөн кийин сүйүү өзгөрбөйт деле. Болгон биздин байкаганыбыз балалуу болгондон кийин экөөбүздүн бири -бирибизге убакыт жетпей калат экен.

Айзуура: Негизи мамиле бир канча тепкичтен өтөт эмеспи. Сүйүү гүл сыяктуу болот экен. Аны дагы багып, суусун убагында коюп, күнөстүү жерге өстүрсө бажырайып көркүнө чыга келет. Ошол сындуу махабатты дагы жакшы сөздөр менен, жылуу мамиле менен багыш керек. Балдарыбызды карай турган киши боло калганда жок дегенде бир-эки саат киного, кафеге барып бирге убакыт өткөрүп турабыз. Эми бул бала сүйүүгө тоскоол болот дегендик эмес. Болгону ата – эне көр тириликке алаксып жүрө берип сүйүүнү унуткарып койбош керек.

Сүйүү темасын андан ары улайлы. Белгилүү бир акындын айтканы бар. “Сүйүүгө келгенде негедир адамдар өзүбүздү чектеп, акылды аралаштырып жиберебиз. Сүйүүнү жүрөк менен башкарыш керек” дейт. Сиздер бул тууралуу кандай ойлойсуздар?

Айзуура: Элүүгө элүү болуш керек деп ойлойм. Сүйдүм деп эле акылдан адашып жүрө бериш туура эмес. Акыл менен жүрөк экөө бири-бирине төп келишип гармония болгондо гана чыныгы махабат жаралат.

“Сүйүүм сага арналат”

Мирзат: Айзу, мен сени сүйөм. Негизи элдин көзүнчө айткнадан тартынам. Сени эмне үчүн сүйөм? Анткени, сен өзүңдүн өмүрүңдү арнап мага турмушка чыкканың үчүн сүйөм. Сени эмне үчүн сүйөм? Мага татынкай уулумду, кызымды төрөп бергениң үчүн сүйөм. Менин ата-эенмдин сүймөнчүктүү келини болгонуң үчүн сүйөм. Сени карап туруп балдарыма татыктуу эне экениңди көрүп бир башкача сүйүп кетем.

Айзуура: Мен бул жерден атамдын бир ырын окугум келип турат.

 

Сен жанымда болгондо,

Айлангансыйм бүт дүйнөлүк борборго.

Сен жанымда жок кезде,

Бата берем оор санаа ойлорго.

Кандай болмок, карааныңды жоктотпой,

Сен экөөбүз бир денеде болгондо.

Айрылышпай бирибизден бирибиз,

Тең ачылып, тең жумулуп көзүбүз.

Сүйлөгөндө бирдей чыгып сөзүбүз.

Бөксөргөндө бир бөксөрүп,

Толгон кезде бирдей толуп көөнүбүз.

Бир ооз менен суу ичип, бир мурундан дем алып,

Экөөбүздө согуп турса бир жүрөк.

Бирдей үмүт, бирдей арман, бир тилек,

Ошондо да сени издеп, элесиңди сагынып,

Азап чеге берет белем ким билет?

Турмуш кургандан кийин кайсы бир мүнөздөрдү өзгөртүүгө туура келдиби, өзгөрдүбү дегендей. Айырмачылык барбы өзүңүздөрдө?

Айзуура: Мен мисалы кечирим сураганды билчү эмесмин. Сурачымын бирок кээде гана. Турмушка чыккандан кийин биринчи барып кечирим сураганды үйрөндүм.

Жашоонун жолу дайым эле түз боло бербейт. Казан аяк кагышат дегендей. Таарынашкан абалдан кантип чыгасыздар?

Мирзат: Биз мындай эреже киргизип алганбыз. Урушканда бири бирибизге беш мүнөт убакыт беребиз. Ал убакыт ичинде ойлонуп, меники туура эмес болуп калды окшойт деп анализ кылып, анан беш мүнөт өткөндөн кийин сөзсүз элдешүүбүз керек. Андан өткөн болбойт. Чек ошондой.

Айзуура, келиндик доор тууралуу кеп салалы. Баштан өткөн кызыктуу окуяңызды айтып берсеңиз.

 Айзуура: Бир жолу көп камыр жууруп боорсок жасамай болдук. Мен болсо боорсокко деп отту жактым. Майды куюп, бышырып баштадым. Анан атам келип, ырым кылып жаңы келген келиндин боорсогунан жейли деди. Оозуна салып туруп эле “муну ким жасады эле” деп кабагын бүркөдү. Мен болсо көзүмдү алайтып эле туруп калдым. Бир убакта апам “койчу ай, тамашаңды” деп жиберди. Көрсө атам тамашага салып жатыптыр. Мирзат мени дароо эле айылга алып кетти. Кайын журтум өз кызындай кабыл алышты. Шаарда өскөн жаным, барганда жакшы эле жүдөдүм. Койгон оокатымды таппай калам, кеч кирген сайын куса болуп ыйлап баштайм. Ошол учурда кайненем аябай колдоосун көргөздү. Жардам берип, колуман ала калып турду. Ошого мен аябай ыраазымын.

 Кыргызстандын ар бир аймагында ар башка болот эмеспи. Көлгө келин болуп сиз түшүнбөй калган каада-салттар болдубу?

Айзуура: Ооба, жаңы барганда көлдүн диалектикасына көнө албай жүрдүм. Анан да көлдүктөрдүн башкы салты жүгүнүү эмеспи. Бул салты мага аябай жакты. Эртең менен турганда атам менен апама жүгүнүп батасын алып турдум. Анан менин кайнатам аябай көңүлдүү жүргөн киши. Келин болгонума карабай жыттап, өөп турат. Бара-бара ага дагы көндүм. Өппөй калса өзүм барып эстетип турам (күлүп).

 Бактылуу үй-бүлөнүн башкы сыры аялдын колунда дейт. Сиз буга кошуласызбы?

Айзуура: Толук түрдө кошулам. Өзгөчө тууган – урук менен, дос-курбу менен карым-катнашты аял өзүнүн колуна алыш керек экен. Дайым эле төркүнүм дей бербестен, кайын журт тарапты дагы бирге алып, бирдей мамиле жасоону билиш керек. Бир жакка тартып туруп алган дагы болбойт. Үй-бүлөлүк катыш аялдан көз каранды болот. Эркек оокат-ашты таап турса, аял үйдү жөнгө салып турганы жакшы.

 Айзуура кайын журту үчүн келиндей эмес кызындай болгон экен. Мирзат а сиз кандай күйөө бала болдуңуз?

Мен дагы өз баласындай эле болдум. Кайненеме тилекке каршы аз эле убакыт күйөө блалык кызматты арнап калдым. Апамдын жасаган тамагы аябай сүйүп жечүмүн.. Ал эми кайнатам менен үч-төрт саатка чейин тынбай сүйлөшүп отурчумун. Айзуурага айтпай турган сырларды ичибизге бекиттик. Көп кеңешин айтып турчу. Азыр болсо чоң кайненем бар. Ага дагы көпсүйүп жечүмүн.