Жылдыздар менен бир толкунда бол!

Сүйүнчү! Сүйүнчү! Сүйүнчү!

Угармандын эриктирбеген Сүйүнчүдө дагы бир жаңы долбоор! Биз сиздин алыстан кумир тутуп, ырларын сүйүп угуп, жолугууга ашыгып жүргөн ырчыңыз менен бир студияда, чай үстүндө отуруп, кеп алышып, бирге ырдоого мүмкүнчүлүк түзүп беребиз. Ал үчүн иш күндөрү саат 07:00-10:00 гө чейин “Боорсок Шоунун” оюндарына катышып “Жылдыздуу отурушка” жолдомо утуп алыңыз.

Жөн гана эфирди угуп турсаңыз, баары түшүнүктүү болот

Сүйүнчү радиосу жылдыздарды жакындат!

Баса, бул жуманын коногу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев болот.