Кыргыз комузун америкалыктар үйрөнүүдө

Сүйүнчү радиосу угармандарды ар аптанын жума күндөрү “Боорсок шоу” таңкы программасынын алкагында элдин сүймөнчүктүү инсандарын конокко чакырып сүйүнтүп турат. Бүгүнкү төрүбүздүн мейманы белгилүү ырчы жана обончу, КРнын Эмгек сиңирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын ээси Сыймык Бейшекеев болду. Угармандарды кызыктырган суроолорго жооп берип, жандуу үн менен обон созуп эфирди көркүнө чыгарды. Андан тышкары Американын Чикаго шаарына болгон байма-бай сапарынын себебин да айтып берди. 2013-жылы аталган шаарга комуз мектебин ачууну тилек кылган таланттуу, ал оюн 2017-жылы ишке ашыра баштаган. Кыргызстандан комуздарды алып барып үстүбүздөгү жылдын жаз айынан тартып алты жаштан алтымыш жашка чейинки үйрөнүүчүлөрдү окутуп жатат. Сабакка катышкан балдардын ата-энелери да кошо окушат. Келечекте комузда кол ойноткон америкалык кыргыздардын санын эки жүзгө жеткирсем дейт. Мындан тышкары он жылдан бери Америкадагы кыргыздардын башын бириктирген “Ынтымак – кубогу” өткөрүлүп келет. Сыймык мырза да ал иш чаранын активдүү катышуучусу. Эмгеги менен элге жаккан кыргыздын мекенчил уулунун бири Сыймык Бейшекеевге чыгармачылык эргүү, ишине ийгилик каалайбыз.