Жан дүйнөсү бийик такалуу бут кийим, кооз көйнөктөргө жакын балбан кыз… Айсулуу Тыныбекованын кыйындыгы…

Күн сайын сиз үчүн изденип кызмат кылган радиоңуз Сүйүнчү дагы бир кызыктуу программасын тартуулайт. Бир гана Кыргызстан эмес дүйнөгө аты чыгып, биздин элди тааныткан кыйындар чыккан кыргыздан. Таланты, өнөрү, эмгеги менен атагы чыккан кыргыздар тууралуу дал ушул Кыйын кыргыз программасында тааныша аласыз.

Ар бир кыргыз күйөрмандык кылган, кыз болсо да кыргызды таанытып жүргөн, кечээ жакында Киевде өткөн  мелдеште алтын медалды багындырган Айсулуу Тыныбековага арналат.

Айсулуу Тыныбекова 1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлүп, кийин Нарын облусундагы Кочкор районунун Теңдик айылында өсүп чоңойгон. Ата-энеси медицина кызматкерлери. Өзүнөн улуу эки эжеси, агасы жана иниси бар.Бала кезинде кыздарга караганда балдарга жакын өскөн. Тийишкен балдардан сөзсүз өч алчу. 9-класста окуп жүргөндө Кочкордо таэквондо менен машыга баштап, улуу муундагы кишилерден биринчи жолу “кыз башы менен үйдө эле отурбайбы” деген сөздөрдү уккан. Мектепте жакшы окуган окуучулардын катарын толуктап, классташтары менен отурушка, кечелерге көп барган эмес. 10-классты бүткөндө күрөш менен машыгып борборго бат-баттан каттагандыктан, мектепти Бишкек — Кочкор жолунда аяктаган.

Билесизби, эн кызыгы Айсулуу Чет өлкөгө чыгарда дайыма жарма, нан, кукси, алма салып алат экен. Себеби чет жерде табити такыр жоголуп, ал жактын такмактарын жей албай каларын айтат. Анан да мелдеш алдында чачын кырктырбаарын айткан. Бул өзүнүн жеке сыр туткан ырымы.

Айсулуу Тыныбекованын атын укканда спорт кийимин кийген, бой келбеттүү, чымыр денелүү кызды элестетерибиз анык. А бирок сыртынан андай көрүнгөнү менен спортчу кыздын жан дүйнөсү дайым көйнөк, бийик такалуу бут кийимге тартып турат. Өзүнүн айтымында чет өлкөдөн көйнөк айлмайынча келбейт. Ага жаккан көйнөк чыкса эч ойлонбой, баасына да карабай сатып алат.

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга эң көп жеңиш алып келген спортчу. Ар дайым чет жерде биздин гимнди жаныртып, желекти жогору көтөргөң балбан кыз. Дүйнөдө 2019-жылдын мыкты балбандарынын катарына кирген Айсулуу Рейтингде экинчи орунду ээлеп, гонорары учун 1 миллион 400 миң сомдон ашык акчалай сыйлык алган.


Бул айткандарыбыз Айсулуу Тыныбекова тууралуу эки ооз гана кеп. Болгону 27 жаштагы спортчунун багынтчу дагы ийгиликтери, кыргызстанга Сүйүнчү  алып келе турчу кундору али алдыда.