Тогуз жашында “Маданияттын мыкты кызматкери” наамын алган Үмөт Дөөлөтов…

Тепейип отуруп алып, “Манасты” куюулуштуруп, тынымы жок айткан үч жарым жаштагы Үмөт тууралуу сиз дагы билсениз керек. Кичинекей Гений аталган Үмөт азыр 15 жашка чыкты. Анын тан калтырган таланты, эл билбеген кызыктуу фактылары тууралуу алдыда кененирээк.

2005-жылы Нарын облусунун Миң Булак айылында туулган Үмөт айтылуу Тыныбек манасчынын урпактарынан. Улуу манасчынын касиети жуккан бейм, Үмөт “Манасты” жаттап эмес, бир эки укканын гана кайра айтып, айрымдарын өзү куюлуштуруп айтат. Ага бул өнөрдү тааныткан атасы болгон. Аян болбоюн баян болбойт деп Үмөттүн түшүнө “Манастагы” каармандар кирип турат. Жада калса бир сыйлык алган учурда кадимки Саякбай манасчынын түшүндө көргөн.

3,5 жашында күпүлдөтө “Манас” айтып, 7 жашында кичинкей гений аталып, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 9 жаштагы кичинекейге “Маданияттын мыкты кызматкери” наамы берилген. Бир нече мамлекетке барып ири иш чаралардын ачылышында манас айтып, коргон адамдын козунон жаш агызган. Жалпысынан 18 президентке жолугуп алкышын алган Үмөт  манасчылык касиети менен чет элдиктерди далай тан калтырган.

Үмөт азыр 9-класстын окуучусу. Сабактан тышкары мектепте өзү курдуу окуучуларга комуз, ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы, жада калса пианинону да үйрөтөт. Бош убактысында футбол жана бокс менен машыгат.

Келечекте режисерлук кесипти аркалайм деген Үмөт Саякбай тууралуу тасма тартсам дейт. Баса, буга чейин жарык көргөн Эрнест Абдыжапаровдун Саякбай көркөм фильминде улуу манасчынын бала чагын дал ушул Үмөт аткарган. Азыркы замандын башка балдарындай болуп Үмөт интернет булактарына кирбейт, телефонду керек учурда гана колдонбосо ордуна китеп окуп, футбол ойноп, жаратылыш койнуна көп чыгам дейт.

Алмадай башына “Ааламдай Манасты” батырган Үмөткө кең келечек, бекем ден соолук каалайбыз.