Тойго келген наристелерди алаксытуунун жолу бар…

Абалтан жакшылыкты жар салып, сүйүнүчү үчүн эл чогултуп келген калкыбыз той өткөрүү боюнча алдыга эч кимди салдырбаса керек. Бир күндө эле өлкөбүздө жүздөгөн тойлор өтөт. Алардын ону өзгөчө болсо да токсону коёндой окшош. Эгер, мааракеңиз келген меймандардын эсинде кала тургандай болушун кааласаңыз Тойчумандын маалыматтары сиз үчүн.

“Ии тиги мугалим акемдин баласы уйлонгон жатыптыр, балдарды таштаганга киши жок” , “Эээх баламдын аркасынан журуп, тойдун эн кызык жерлерин корбой калдым” Бул көрүнүштөр сизге дагы тааныш болсо керек. Албетте, тойго барганда жасанып-түсөнүп алып койкоюп гана отуруп келгибиз келет. А бирок көпчүлүктөн бейбаштыгы күчөп, бир орунга турбай ары – бери жүгүргөн наристе балдар үчүн ал максатыбыз ишке ашпай калат. Анан да тамаданын; “Урматтуу апалар, ортодо ойноп жүргөн наристелерди өзүңөрдүн жаныңарга алып алсанар, аябай тоскоол болуп жатат” – деген эскертүүсү да ынгайсыздык жаратат. Дал ушул өзгөчө апаларыбыздын тойдо жакшылап бир, кенен-кесир чер жазып алуусу үчүн маараке уюштуруучулар тарабынан сонун сунуш бар, достор. Эгер бүгүн – эртен той өткөрөм деп турсаңыз чакырган меймандарыныздын  ыңгайлуулугу үчүн атайын кызмат көргөзүүчүлөрдүн жардамын алсаңыз болот. Алар тоюңузга келген бала-бакыранын бардыгын чогултуп мааракенин аягына чейин өзүнчө бөлмөдө көңүл ачуучу оюндар менен алаксытышат. Кызмат көргөзүү баасы анчалык кымбат эмес, 20-30 балага чейинки санда  5 сааттык убакыт 6000 сомду түзөт. А бирок “Коноктордун балдары үчүн мен чыгым болгум келбейт” – деген да той ээлери болушу мүмкүн. Андай учурда тамада той башталгандан кийин кулактандыруу жасап койсо, каалаган ата эне келип жекече кайрыла алат. Эгер бул сунуш сизге жакса, той уюштуруучулары аркылуу аларга байланышсаңыз болот. Мына ушундай оңой, ынгайлуу жана заманбап жанычылдыктарды сизге Тойчуман рубрикасы дайындап берет.