Эми той өткөрүүгө тойкананын кереги жок…

     Өнүккөн заманга жараша адамзат  бири-бирин таң калтыруу менен алек. Сапаты эмес  саны менен өсүп жаткан кыргыз тойлорунун эсте калчу учурлары чанда гана кездешет. Эгер кайсы бир күнү сизге тойго чакыруу барагы келип бирок дарегинде “Ачык асман алдында” деп жазылса, буга таң бербеңиз, сүйүктүү угарман. Анткени тойду өзгөчөлөнтүү боюнча дагы бир жаңычылдык пайда болду.

Эми жакшылыкты белгилөө үчүн эч кандай тойкананын кереги жок. Дегенибиз, мааракени ачык асман алдында өткөрүүгө толук мүмкүн. Маселен, айрым той ээлери кооз бакчаларда, Ысык – Көлдүн жээгинде же тоого жакын аймактарда эл чогултуп өткөрө баштады. Бул көрүнүштүн артыкчылыгы тойканага кеткен каражатты башка керектөөлөргө жумшасаңыз болот. Ал эми тойго керектелүүчү эмерек, идиш – аяк жана башка буюмдарды бир күнгө ижарага берүүчүлөр бар. Алар менен той уюштуруучулары аркылуу байланышсаңыз болот. Эгер бул сунуш сизге жагып ишке ашырам десеңиз эске алчу да жагдайлар бар. Ачык асман алдында той өткөрөөрдөн мурун ошол күнкү аба-ырайы менен алдына ала кабардар болуу керек. Кокус жамгырлуу күн болуп калса, анда башка датага белгилөө оң болот.

Мына ушундай жана башка кызыктуу жаңычылдыктар менен Тойчуман рубрикасын иш күндөрү саат 10:30 жана 17:30 калтырбай тыңдаңыз.

Жолукканыңыз  дайым жакшылык, укканыңыз Сүйүнчү гана болсун!