Таттуу жана үлгүлүү түгөйлөрдүн үй – бүлөлүк сырлары

Бири калктын кадырлуу ырчысы, бири белгилүү блогер. Бул жылдыздуу түгөйлөрдү баары тааныйт, баары суктанат. “Отко киргизүү” программасынын бул жолку меймандары КРнын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим Төлөпберген. Сүйүүгө толгон эфирден кызыктуу маекти сиздерге сунуштайбыз.

Ушундай таттуу түгөйлөрдүн эң алгачкы таанышуусу, жолугушуусу тууралуу бардыгы билгиси келет. Ошол учурду эске салсак?

Мирбек Атабеков: Эң биринчи Мээримди концерттен жолуктургам. Ал учурда мен 18-19 жаштагы ойноп турган убагым эле. А Мээрим кичинекей өспүрүм кыз болчу. Көп кыздардын арасынан Мээримге дароо көзүм түштү. Ичимдеги кандайдыр бир үн келечекте ушул кыз жубайың болот деди. Бир көргөндө эле үй-бүлө куруу тууралуу ойлонгом.

Мээрим Төлөпберген: Ал учурда Мирбектин “Сени гана” чыгармасы популярдуу болуп жаткан учур эле. Таанышканга чейин эле ырчы катары таанычымын. Ошол жолугушууда мен бир долбоор менен иштечи элем. Ал концертке Мирбектен интервью  алганы барганбыз.

Өлкөбүздөгү эң үлгүлүү үй бүлөлөрдүн сап башында турасыздар. Мындай статусту алып жүрүүнүн артыкчылыктары, кыйнычылыктары барбы?

Мирбек Атабеков: Мыкты үй бүлө куруп, балдарга татыктуу тарбия берүү биздин башкы парзыбыз. Элден айырмаланган деле үй бүлөлүк сырларыбыз жок. Атактуулукка таянып эл мени карап өсүп жатат, мындай мындай болушум керек деген деле чектөөлөр жок бизде. Идеалдуу эмеспиз. Мен үлгү көрсөтүп жатам деп ойлобойм. Эл катары, биз да силерге окшошпуз. Жөпжөнөкөй адамдарбыз.

Аралыктан мамиле куруу, сүйүп жүрүү силерге жакшы тааныш нерсе. Кыз-жигит болуп жүргөндө дагы, үй бүлө кургандан кийин дагы көпчүлүк учурда эки башка өлкөдө жүрүүгө туура келет. Ошол аралыктын, алыстыктын канчалык деңгээлде оор?

Мээрим Төлөпберген: Биз сүйлөшүп жүргөндө мен Малазияда билим алчымын. Ал учурда жаштык болдубу же окууга алаксыганмынбы айтор анчалык билинчи эмес. Ал эми акыркы учурдагы аралык өтө кыйнады. Мен балдар менен Америкада. Мирбек бул жакта. Мен сагындыңбы, күтүп жатасыңбы деген сөздөрдү көп айтып жаттым. А Мирбек болсо бардык сезимдерин сөз менен эмес, иш менен далилдеген адам.

Мирбек Атабеков: Мен ойлойм Мээрим экөөбүздүн бул пандемияда эки  жакта жүргөнүбүз сыноолордун бери жагы эле болуш керек. Себеби, биздикинен көп учурга биздикинен алыс жакта үй бүлөсү менен көрүшпөй калган адамдар бар. Бул алыстык сүйүүнү бекемдем, дагы да жаңылоого шарт түздү. Колдо бар алтыныдын баркын сездик дегендей. Сагындык, күттүк, ырлар жаралды. Келечекте Мээрим экөөбүз басып өткөн жол, биздин сүйүү келчекте жарала турган чыгармаларда баяндалат.

Бириңиз калк сүйгөн ырчы, бириңиз мыкты блогер. Карьеранын үй бүлөлүк жашоого тийгизген таасири барбы? Экөөнү бирдей кантип ийгиликтүү алып кетсе болот?

Мээрим Төлөпберген: Мен ойлойм, эң биринчи каалоо жана мен кыла алам деген сөз керек. Эч качан шылтоо издебей жасай турганыныды жасаш керек. Мага “баарына кантип жетишесиз?” деген суроо көп берилет. Албетте оңой эмес, бирок аракет кылсаң жетишүүгө болот.

Мирбек Атабеков: Мен эгер ырчы болбой калсам Мээримге эле кыйын болмок болуш керек деп ойлойм. Анткени экөөбүз деген майрамды жакшы көрөбүз. Үйдө болобу, сыртта болобу бардык жерде ыр-күлкү болуп турушу керек. Ошондуктан карьерабыз менен үй бүлөлүк турмушубуз өтө тыгыз байланышта. Эки тарап бири бирин толуктап турат. Тосоолдугу жок. Тескерисинче пайдас көп.

Эл көзүнө өтө тың айым көрүнгөн Мээрим Төлөпберген үйдө кандай келин?

Мээрим Төлөпберген: Бул тууралуу Мирбек айтып берсин. (күлүп)

Мирбек Атабеков: Мээримдин ашканада кандай жумуш жасап, эмне оокат кыларын деле көп маани бербейм. Бирок кандай тамак жасаарын жакшы билем. Үй бүлөбүз менен сүйүп жейбиз. Ар дайым изденип, чет элдик тамактарды карап түрлөп жасай берет.

Мээрим Төлөпберген: Мени чындыгында абдан эркелетишти. Мирбектин апасына бул үчүн өтө ыраазымын. Үйдө эрке келинмин.

Мындан сырткары эфир учурунда эки жуп бири-бирине сезимдерин билдирип, жакшы көрөөрүн айтышты. Мирбек мырза тамашага салып сүйүүсүн билдирсе, Мээрим айым жолдошунун камкор ата, күйүмдүү жолдош экенин айтып көзүнө жаш алды.