Сүйүнчүдө – жылдын башкы корпоративи!

 

Бүгүн 24-декабрь Сүйүнчү радиосунда жылдын башкы корпоративи өтөт. Элүүдөн ашык ырчыны бир күндө бир толкунга чогултабыз. Таңдан кечке жандуу аткаруу, ыр күлкү, майрам тартуулап, жылдын Сүйүнчүлөрү менен бөлүшөбүз. Жаңы жылдык маанайды биз менен жаратып, жаныбызда болуңуз сүйүктүү угарман. Сиздин көңүлдүү маанайыңыз үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Эфирди жайдары толкундан тыңдап, Сүйүнчү фм Ютуб каналынан көрсөңүз болот.

 

Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!