Сүйүнчү айтуу жөрөлгөсүнүн маанисин билесизби?

Кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан өзүнө гана тиешелүү ырым-жырым, каада-салт, жөрөлгөсү бар. Алсак, кыргыз жарык дүйнөгө келгенден тартып ырым-жырым, каада салт аны турмушунда ээрчип журот. Дал ошолордун арасынан Сүйүнчү айтуу жөрөлгөсүнүн дагы өз маани маңызы бар. Ал тууралуу кененирээк маалымат алыңыз.

 

Кыргыздын каадаларынын сап башында сүйүнчүлөө салты турат. Үйдө жакшылык болуп, бала төрөлүп, келин алып, жакын адамы алыс сапардан келгенде, баласы окууга өткөндө жана башка кандайдыр бир кубанычтуу окуя болгондо сөзсүз “сүйүнчү” айтылат. Булардын ичинен перзенттүү болгондо айтылган сүйүнчүнүн каадасы жана ырымы көп.

Сүйүнчүлөөнүн мааниси

Сүйүнчү деген сөздүн өзү жакшы сөз. Зарыгып күткөн, санаага салган, түн уйкуну бөлгөн жакшылыкты кабарлоодо “сүйүнчү” сөзүнүн биринчи айтылышы уккан адамдын жан дилин ошого буруп, сезимди толкуткан бурулушка даярдайт. Ал сөздү уккан адамдын жан дүйнөсү аңтарылып, кубанычка бөлөнөт, көңүлү көтөрүлөт.

Билсениз, сүйүнчү айтуунун дагы өз эрежеси бар. Маселен, Сүйүнчүнү керектүү адамдарга чоң кишилер өздөрү да айтат, же киши чаптырып, жакын жерде болсо бала чуркатышат. Мисалы, неберелүү болгондо чоң ата, чоң апалары куда тарапка (келиндин ата-энесине) өздөрү “сүйүнчү, неберелүү болдук” деп айтышат. Ал эми бул учурда сөзсүз жакшы кабар уккан тарап “Болсун, болсун!”, Бешик бооңор бек болсун” деп жооп берип, сүйүнчүнүн акысын беришет. Көп учурда бул мал менен бааланып, “сүйүнчүңө бир тай”, ” сүйүнчүңө козу” деп жооп айтылган. Негизи эле сүйүнчү айткан адамды кыргыз эч качан жөн кетирген эмес. Жок дегенде жанындагы бир буюмун убактылуу кармата туруп, кийин атаганын берген. Ал эми сүйүнчү алган киши эч качан аз же көп деп айтпашы шарт. Бергенине гана ыраазы болуп кете берет.

Сүйүнчүлөөнүн ичинен кыргызда жашырып сүйүнчүлөө деген дагы түшүнүк болгон. Башкача айтканда, кыргыздар уул же кыз төрөлдү деп ачык айтпай уул төрөлсө, “бөрү”, кыз төрөлсө, “түлкү” деп да сүйүнчүлөшкөн. Бир жагынан бул алардын мүнөздөрүнүн окшоштугунан (бөрүнүкү уулга, түлкүнүкү кызга) келип чыкса, экинчи жагы, бөбөктүн төрөлгөнүн жаман күчтөрдөн оолак кармоо үчүн да айтылган. Кыздын төрөлгөнүн “кырк жылкы” деп сүйүнчүлөгөн учурлар бар, мунун себеби түшүнүктүү — себеби атасы кызын күйөөгө узатканда калың алат.

Үйүңүздө сүйүнчүлөнө турган жакшылыктар  көп болсун!