Көптөн күткөн сыйлык. Мирбек Иманбеков маданияттын мыктысы болду…

Белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Иманбеков “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Бул сыйлыкты көптөн бери күтүп жүргөнүн айткан ырчы ою менен бөлүшкөн;

” Министрлик тарабынан атайын чакыруу алып, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйландым. Ачыгын айтсам, бул сыйлыкты көптөн бери күткөм, убакыт-сааты эми келди окшойт, рахмат. Маданият өкүлдөрүн сыйлоо иш-чарасына бара жатканда сезимдерим анчалык деле эмес болчу, сыйлыкты алгандан кийин ушунчалык жагымдуу болду. Расмий түрдө алгандан кийин башкача толкундоо болуп, стимул жаралды. Муну алгандан кийин башкасын ойлой баштайт экенсиң”, – дейт ырчы.