Мырзаларга болгон сыйым артык… Асель Турдалиеванын мырзалар тууралуу ою…

Бүгүн 23-феварль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Сүйүнчү радиосу “Мырзам үчүн” майрамдык эфир уюштрду. Келген меймандардын арасында мырзалар тууралуу ырын да арнап, ичиндеги алар тууралуу сырын да айткан Асель Турдалиева болду. Анын айтымында:

Кыргыз айымдарынын баркын көтөргөн биздин мырзалар. Алар бар үчүн биздин башыбыз өйдө, жүзүбүз жарык. Мен ушуга абдан ыраазы болом. Кыргыз мырзалары айымдарга өзгөчө сый менен мамиле жасап, керек болсо төргө отургузуп келет. Менин атамдын дагы апама кылган мамилесинен да өзгөчө сыйын байкачумун. Ошол эле учурда эркекке болгон мамилени, сыйды апам бизге абдан үйрөттү. Мисалы, мен өзүм унаа айдап рулда жүргөндө кокус жаныма инилерим, агаларымдан отуруп калса дароо артка жылам дагы тизгинди эркектин колуна берем. Анан дагы бул ырымдар ар дайым эсимде. Апам айтчу эле “эч качан эркектин ийининен баспа, башынан баспа, бутунан аттаба” деп. Чындап эле мырзаларга болгон сыйым артык. Мен аларды ыйык деп билем. Айымдарга караганда мырзалардан көп дос күткөнүм да ошондон болуш керек”.

Мына ушундай асыл ою менен бөлүшкөн сүйүктүү ырчыңыздын видеолорун suiunchu_radio инстаграм баракчасынан көрүңүз.