Эки миллион катталуучуну топтогон Кыргызстанда дагы бир Инстаграм баракча

Ар дайым көңүл чордонунда жүргөн ырчы Анжелика Кайратова Кыргызстанда экинчи болуп эки миллион катталуучуну багындырды. Күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан чыгармачылыгы да жеке жашоосу да жаңылыкка бай болгон Анжелика айым инстаграм баракчасын “киреше берчү байлыгым” деп эсептейт. Катталуучуларына кылдат жана сый мамиле жасап, ар бир  билдирүүгө өзгөчө маани берерин айтат. Белгилей кетсек,  буга чейин өлкөбүздө биринчи эки миллион катталуучуну Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова топтогон.

Мекенибизде миллиондор көбөйүп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!