Миңдеген адам, чайыттай ачылган күн, күлмүңдөгөн жүздөр, калктын сүймөнчүктүү ырчылары. Ала-Тоо аянтындагы Сүйүнчү радиосунун концерти…

Жаратылышка жазды тартууласа, кыргызга жаңы жылды алып келген улустун улуу майрамы Ноорузду Сүйүнчү радиосу борбордук Ала-Тоо аянтында миңдеген угармандары менен бирге өткөрдү. 2 сааттан ашык созулган концертке кыргыз эстрада ырчыларынын жоон тобу катышты. Жылдыздуу түгөйлөр Аваз Акимов жана Айдана Дека “Кызгалдактуу талаалар” ыры менен майрамга куп жарашып ырдашса, “Эски достор” тобундагы Роза Шакирова, Айнура Салахидинова жана Азиза Адиева “Шат күндөрү” менен элдин маанайын ого бетер көтөрүштү. Биринин артынан бири агылып Дайыр Исмадияров, Тима Мукашев, МузАман тобу, Зарлык Камбаралиев жана Айганыш Абдиева, Калыс Жакыпов сындуу жылдыздар майрамды көрккө бөлөштү. Концерт соңунда “Жаз” аттуу чыгармасы менен Асель Кадырбекова сахнага чыга келгенде эл аны чындап сагынганы байкалды.

Концерттин кызыктуу видеолорду көрүү үчүн Сүйүнчү фм телеграм каналына өтүңүз.

https://t.me/suiunchu/618