Лиана… Аваз Акимов менен Айдана Дека кызына ысым ыйгарышты…

17-июльда жылдыздуу түгөйлөр Аваз Акимов жана Айдана Дека экинчи жолу кыздуу болгонун сүйүнчүлөгөнбүз. Ымыркайдын ысымын ким койдуңар деп сураган күйөрмандар көп болду деген Айдана Дека социалдык баракчасына “Лиана” деген ысым ыйгардык деп жарыялады. Ошондой эле, ысымды таята, тайэнеси койгонун кошумчалаган. Белгилей кетсек, жубайлардын улуу кызынын аты Ариана.