Бири актёр, бири ырчы — Камчы Сарыбаев жана Максат Садырбеков удаасы менен күйөрмандарына Сүйүнчү айтышты. Тагыраагы, кечээ 10-майдын түнү Камчы Сарыбаев уулдуу болгонун элге жар салып инсаграм баракчасына «Сүйүнчү, бактылуумун» деп жазып калтырган.
Ал эми ырчы Максат Садырбеков дагы бүгүн 11-май күнү таңында «Сүйүнчү! Кудайыбыз буйруп уулдуу болдук» деп сүйүнчүлөдү.
Кыргыз шоу бизнесинде удаасынан келген бул жакшылыкты биз дагы куттуктайбыз. Ымыркайлардын боосу бекем болуп, жергебизде Сүйүнчү гана жаңырып турсун!