“Бакыттын кыйкырыгы угулбайт экен”… Сүйүнчү! Ырчы Кудайберди Айтбосунов ата болду….

Сүйүнчү! Ырчы Кудайберди Айтбосунов уулдуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

“Урматтуу менин жакындарым, достор. Бакыттын кыйкырыгы сыртка угулбайт экен, эзилип турам. Сүйүнчү! Кудайым буйруп уулду болдум. Алгач ата-энелерибизди неберелүү болушу менен куттуктайм , өмүрлүк жарым менин Айчүрөгүм сага рахмат, алмаштыргыс бакытымсың! Сүйөм сени “, – деп жазды Айтбосунов.

Белгилей кестек, Кудайберди Айтбосунов 2019-жылы сүйүктүүсү Айчүрөк айымга баш кошкон. 

Ымыркайдын боосу бек болуп, ар бир үйдө Сүйүнчү гана жаңырып турсун!