Элүү ырчы бир күндө, бир толкунда!

Жылына бул учурда жаңы жылдык корпоративге чамынып камылга көрүп, көпчүлүк барып да жетишип калар эле. Кырдаалга карап быйыл, майрамдык кечелерге чектөө коюлду. Дал ошол себептен, угармандын көңүлдүү маанайы үчүн радиоңуз Сүйүнчү үйдө отуруп, жолдо баратып ал тургай чөнтөк телефондон эле күбө боло тургандай ынгайда “Жаңы жылдык корпоратив” өткөрөт. 25-декабрда Кыргызстанда алгачкы жолу элүү ырчы бир күндө, бир толкунга чыгат. Таңдан кечке жайдары толкундан угуп, социалдык баракчаларыбыздан түз эфирден көрүңүз!

 

Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!