Cүйүнчү! Жеңиш – Кыргызстанда!

Сүйүнчү! Жеңиш – Кыргызстанда. Дегенибиз, Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн “Poland Open” аттуу эл аралык турнирине 62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту.

Анда Тыныбекова алгачкы атаандашы орусиялык балбан кыз Ульяна Тукуренованы 12:3 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта балбан кыз тунистик Марва Амри менен кез келди. Айсулуу Тыныбекова 8:4 эсебинде утулуп жатып беттеш бүтөрүнө 40 секунд калганда атаандашынын далысын басып таза жеңишке жетти.

Финалда Айсулуу Тыныбекова орусиялык балбан кызды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалга ээ болду.

Айсулуу Тыныбековага Сүйүнчү радиосунун шайыр командасы бекем ден соолук, күч – кубат каалайт.

өлкөбуздүн байрагы жеңиштерде желбиреп, Ала -Тоо арасында  Сүйүнчү гана жаңырып турсун!