Чачына байланган кызыл жоолук, көпчүлүк сүйүп уккан “Роза гүлү” чыгармасы….Көз алдыга дароо КРнын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева тартылат…

Бүгүн, 12-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева 53 жашка толду. Ырчынын уулу Арлен менен кызы Аэлита да дал ушул күнү төрөлгөн. Мындан улам буга чейин туулган күндү үчөө биргеликте белгилеп келишет. Бул тууралуу ырчы өздүк баракчасына төмөндөгүдөй жазды: 

“Кечээ эле кичинекей болушчу, а бүгүн менин жардамчыларым. Арленим менен Аэлитамды туулган күнүмө белек кылып, жарык дүйнөгө алып келгем. Уулум менен кызым өмүрүңөр узун болуп, кийим эмес илимге, байлык эмес бийиктикте, атак эмес адамгерчиликке умтулган инсандардан болушуңарды тилейм. Жолуңар ачык, ден соолугуңар чың болсун!” 

Белгилей кетсек, Айчүрөк Иманалиева 1968-жылы Талас районунун Калба айылында туулган.  “Роза гүлү”, “Кызыл гүл” ыры менен бүт кыргыз журтчулугуна маалым болгон. 1995-1996-жылдагы “Азия даусы” эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы болуп, 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. 1999-жылы Беларуста өткөн “Славян базары” эл аралык сынагынын дипломанты, Украинадагы “Алтын скиф” эл аралык сынагынын лауреаты, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин Ардактуу дипломунун ээси.

Ырчынын туулган күнү менен куттуктап жаштык, сулуулук жана чыгармачылык эргүү каалайбыз!