Сүйүнчүдө – жаңы сезон!

Ар дайым угармандын көнүлдүү маанайы, жайдары жашоосу үчүн кызмат кылган Кыргызстандагы той ырларынын башкы радиосу Сүйүнчү жаңы сезонду баштады. Бүгүнтөн тарта сиздер сүйгөн “Боорсок шоу”  кайрадан эфирде. Алып баруучулары Тилек жана Бүбү угарман үчүн кызыктуу рубрикаларды, белек берип кубанткан оюндарды камдады.

Ал эми сиз жумуштан чалыгып үйгө кайтканда жарпыңызды жазып, сүйүп, күтүп тыңдаган чыгармалардын тарыхын айтып, өзүн жаңыртып  берген “Бүгүн кечинде” шоу программасын  тартуулайбыз. Иш күндөрү саат 18:00 до жайдары толкундан калтырбай угуп туруңуз.

Сүйүнчү радиосунда эксклюзивдүү программа! Атактуу жылдыздарды кайын – журту менен маекке чакырып, баштан өткөн кызыктуу окуялары, туугандар арасындагы  жазылбаган мыйзам-салттар жана бөлөккө үлгү боло турчу көрүнүштөрүнөн кеп салабыз. Ар ишемби саат 17:00.

Ал эми атактуулардын жаштыгын, баштан өткөн кызыктуу күндөрүн, өмүрдөгү жетишкендигин баяндаган “Жаштык жазы” программасы ар жекшемби саат 12 де сиз кумир туткан жылдыздуу коногу менен эфирге чыгат.

Сүйүнчү радиосунун башкы максаты – жашоону сүйгөн, күн сайын күлүп жүргөн жайдары угармандардын санын күн санап көбөйтүү. Майрам-тою көп, кубанычы мол жакшы күндөрдө катарыбыз бир болсун.

Сүйүнчүнүн шайыр командасы

ТИЛЕК ТОКТОГУЛОВ

НУРАЙЫМ СЫДЫКОВА

БҮБҮ САДЫРБЕКОВА

АЙЫМЖАН РЫСПАЕВА