Бүгүн биздин майрам!
7-май — Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин адистик күнү. Бул майрамдын тарыхы 19-кылымдан башталат. 1895-жылдын 7-майында биринчи радиоприемник дүйнө коомчулугуна жарыя кылынат. Алгач радиостанциялар маалымат каражаты катары колдонулуп келген.
Өткөн кылымдын 20-жылдарынан тарта радио дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат булагы болуп калды. Ал эми Кыргызстанда эң биринчи радио берүү 1931-жылы обого чыккан. Бүгүнкү күндө өлкөдө жыйырмадан ашуун радио кызмат кылууда. Анын ичинде Сүйүнчү радиосу Кыргызстанда эң алгачкы той форматындагы радио катары 2019 — жылдын 5 — августунда обого чыкты.
Майрамыңыздар менен!