Өкүл ата шайлоонун маани-маңызын билесизби?…

 «Өкүл ата өз ата, өркүндөп өссүн кайната» деген тамашалуу кеп менен биз анчейин көңүл бурбаган кыргыздын өкүл ата шайлоо салтынын мааниси менен тааныштырабыз. Деги эле, баш кошкон эки жаштын жашоосунда окул атанын кандай орду бар. Ал эмне коюлат? Мына ушул суроолорго жооп алдыда.

 Өкүл ата шайлоонун тарыхы кайсы доорго барып такалары баарыбызды кызыктырса керек. Кыргыздын бул салты тууралуу кагаз бетинен таба албасак да эл арасында жазылбаган өз мыйзамдары бар. Маселен, ата бабабыз жаны үйлөнгөң эки жаштын турмушуна ата-энеси кийглигише албагандыктан өкүл катары бир адамды шайлашкан. Анын милдети жаштарга турмуштук жол көргөзүп, ар тараптан колдоосун жана акыл кеңешин берип келишкен. Өкүл ата болчу адам очор-бачарлуу, көп балалуу дос – тууган арасында кадыр-баркка ээ боло турган шарты бар. Анан да үйлөнгөн жигиттин туугандарынан эмес жакшы санаалаш, ата энесинин досторунан дайындалуусу зарыл.

Өкүл ата, окул эне шайланган күндөн тартып жаш үй-бүлөнүн турмушун алып кетүүсүндөгү чоң жоопкерчиликти моюнуна алышат. Эгер эки жаш арыздашып кете турган болсо аларды элдештирүү да дал ушул адамдардын милдети дейт. Бекеринен элибизде «Үй бүлө эки ажырымга кеткен болсо, эң биринчи өкүл атанын бети чымырайт» деген кеп айтылбаса керек.  Ал эми заман өнүгүп жаны каадалар чыккандан бери, эки жашка нике шакегин салуу милдети өкүл атаныкы болуп саналып келет.

А биздин белгилүүлөр арасында өкүл бала күткөндөрдүн саны арбын. Маселен КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев 40тан ашуун жаш үй бүлөгө өкүл ата болсо, Эл артсити Гулшайыр, Садыбакасованын 20 га чукул өкүл баласы бар.