21-кылымдын 21-жылы, кош келдиң!

Той ырларынын башкы радиосу Сүйүнчү жаңы жылыңыздар менен куттуктайт. Биз күткөн, биз ишенген, биз үмүттөнгөн 2021 ар бириңиздин ой тилегиңизди орундатсын. Ар бир үйдө акыл айтар карыясы, атка минер уулу, чайын сунган келини, эркелеп ойнор небереси, чай-чамегин көтөрө келип учурашар кыз-күйөөсү болсун. Ар дайым кубанычыңды тең бөлүшүп чайлашканга кошуна, сыйлашканга куда-сөөк болсун. Ушул жылы ак өргөө көтөрүп, авто унаа айдап, көп кирешеге ээ болуңуз. Башка баш кошулуп, кыргыздын саны көбөйүп, Ала Тоо арасында Сүйүнчү гана жаңырып турсун!