Сүйүнчү! Уул төрөлдү! Айтурган Эрмекова эне статусуна ээ болду…

Кыргыз тойлорунун көркүн ачкан өзгөчө харизмалуу ырчы Айтурган Эрмекова бүгүн 30-декабрда уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы өздүк интсаграм баракчасына сүйүнчүлөрдү.

“Кудайга чексиз шүгүр, аман эсен көз жарып алдым. Уулдуу болдук. Өтө кубанычтамын, кыйынчылыктар болду, баары артта” деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек Айтурган Эрмекова жолдошу Дамир менен 2018 – жылы баш кошушкан. Бул алардын тун уулу.

Ымыркайдын бешик боосу бекем болуп, ар бир үйдө дал ушундай Сүйүнчү жаңырып турсун!