Угарман сүйгөн ыр. “Аттиң ай” чыгармасынын жаралуу тарыхы

Тыңдоого жеңил, обону уккулуктуу, сөздөрү жөнөкөй. Мына ушундай таризде жазылган Нооруз Алымбаев жана Муселянын аткаруусундагы “Аттиң ай” чыгармасы учурда угармандар эң көп суранган ырлардын сап башына кошулду. Көп жылдык тыныгуудан кийин чыгармачылыкка кайткан Нооруз мырзадан ырдын жаралуу тарыхын сурап көрдүк.

 

“Аттиң ай” ырынын идеясы карантин убагында келди. Жанры треп – фольклор. Кыргыз жыттанган бирок ошол эле учурда заманбапташтырылган чыгарма жаратсам деген максат койгом. Таң аткыча уктабай сөзүн жазып, обон жараткан күндөр болду. Эң башында жалгыз ырдамакмын. Бирок, ырдын алкагында элдик оозеки чыгармачылык кошулуш керек эле. Акыяны кошууну туура көрүп, аны кыз ырдаш керек болуп калды. Муселя менен мурунтан таанышпыз. Ага дует ырдоону сунуштадым. “Көк жөтөл” чыгармасынан кийин дээрлик ырдап чыккан жокмун. Мындай ырды жаратып, кайрадан чыгармачылыкка кайтууга көп даярдандым.

Мындан ары ырчы чыгармачылык үстүндө тынымсыз иштеп, дагы көп ырларды жаратуу оюн кошумчалады. Нооруз Алымбаевге албан ийгилик каалайбыз. 

Баса, биз жогоруда кеп кылган ырды Сүйүнчү fm телеграм каналынан уксаңыз болот.