Кой-Күнүңүздүн жүрүшүн кагаз бетине түшүрүүнүн кажети жок. Өзгөрүүлөргө бай күн күтөт сизди.
Букачар-Дүйшөмбү-сөздөн ишке өтүүгө эң ылайыктуу күн. Чечкиндүү болуу сунушталат.
Эгиздер-Мүмкүнчүлүктөр алаканыңызда. Бул күндүн урааны-бүгүн же эч качан! Чамдаңыз.
Бөйөн-Чечим кабыл алууда такыр шашпаңыз. Учур өзү эле сизге баарын түшүндүнүп коет.
Арстан-Чын жүрөктөн! Мына, ушул сөздү бүгүн эң башкы эреже катары көрүңүз. Кандай гана иш-аракет көрбөңүз, аны чын жүрөктөн аткаруу керектигин унутпаңыз.
Бийкеч-Бүгүн баары сиз айткандай болот. Каалаганыңызды самаңыз.
Тараза-Качан максатыма жетем деген суроого жооп алууга убакыт келди. Күчтөнүңүз да, ишти аягына чыгарыңыз.
Чаян-Бийиктикти багындыруу үчүн күчүңүз да, сабырыңыз да жетет. Ишенип коюңуз.
Жаачы-Өзүңүз биринчи кадам жасап үйрөнүңүз. Башканы күтүүдөн пайда жок.
Текечер-Кечээ жеңилип калдыңызбы? Бүгүн ийгиликти көздөй жол алып, жеңиш жаратыңыз.
Суупери-Жалкоолук эмне экенин унутушуңуз керек. Болушунча мыкты жыйынтык көрсөтүү керек.
Балыктар-Жеке жашоодо түшүнбөстүктөр жаралып жатабы? Ар бир суроону ачык-айрым чечкенди үйрөнүңүз.