Кой – Бүгүн сизди жеке жашоодон башка эч нерсе кызыктырбашы керек! Калган иштер күтө турат.
Букачар – Көк беттигиңиз менен ийгилик жаратууга көзүңүз жетип турса, анда чамдаңыз.
Эгиздер – Толгон токой ишти моюнуңузга илбей, алыңыз келишинче иш алып барыңыз.
Бөйөн – «Башкалар сүйлөй берет да»-деген ой сизге бүгүн жарашат. Эң башкысы өзүңүз кыялдарыңызга ишениңиз.
Арстан – Кимдир бирөө сизге кеңеш айтса, каршылык көрсөтпөй кулак төшөп койгонунуз туура болот.
Бийкеч – Жалгыздыкка жол бербеңиз, жакындар менен тыгыз байланышта болуп, сырдашууга сонун күн.
Тараза – Заматта эле ийгилик жаралышын каалайсызбы? Бүгүн ал мүмкүн.
Чаян – Самаганыңызга жетүү үчүн – каалоолорду ачык айтуу керек.
Жаачы – Ойгонуңуздар, жаачылар. Бул күн сизден активдүүлүктү талап кылат.
Текечер – Шашкан кимдин иши экенин жакшы билесиз, бүгүн кылдаттык сизден талап кылынат.
Суупери – Өзүңөрдү жагымдуу компания менен курчаңыздар. Бүгүн жакындар менен чер жазуу күнү.
Балыктар – Болгон күчүңүздү сөзгө эмес, ишке жумшаңыз. Ошондо каалагандай жыйынтык ала аласыз.