Кой жылдызы – Жөндөн жөн эле ашыкча иштерди үйө бербеңиз. Жылкыңызга ченеп ышкырыңыз.
Букачар – Ички туюмуңузга толугу менен ишенсеңиз болот.
Эгиздер – Бардык көрүнүштөргө түшүнүү менен мамиле кылыңыз. Чечилбеген маселе жок.
Бөйөн – Жан дүйнөңүздүн тынчтыгы үчүн сизге жагымдуу гана сезимдерди тартуулаган адамдар менен сүйлөшүңүз.
Арстан – Келечекке болгон пландарды кое туруңуз. Учур менен жашаңыз.
Бийкеч – Жаңы жылдык майрамдардан кийин дароо эле жумушту үйө бербеңиз. Баары өз убагы менен.
Тараза – Үй-бүлөгө тиешелүү маселелерди өз убагында чечкениңиз оң.
Чаян – Бирөөнүн убадаларын эмне кыласыз? Өзүңүзгө гана ишениңиз.
Жаачы – Жылдыздар сизге маанилүү сатып алууларды убактылуу токтотуп турууну сунуштайт.
Текечер – Олуттуу чечимди кабыл алууда жети өлчөп, бир кесиңиз.
Суупери – Сизди артка тарткан адаттан арылуу керек. Кантип? Аны озүңүз да жакшы билесиз.
Балыктар – Сабырдуу болуп, оюңузду эч кимге айтпай эле койгонуңуз туура.