Сүйүнчү! Тауекел Муслим уулдуу болду…

Белгилүү казакстандык актёр Тауекел Муслим менен жубайы Махаббат Туктубаева бүгүн 8-январда  ата-эне статусуна ээ болушту. Уулдуу болгон актёрду жакындары куттуктап, наристеге өмүр тилеп жатышат. Тауекел Муслим социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бардык куттуктоолорду кабыл алып, жооп берүүдө. Азырынча ымыркайга ысым ыйгарыла элек.

Белгилей кетсек, түгөйлөр 2019-жылы ноябрь айында баш кошушкан. Алар дүңгүрөтүп үлпөт той өткөрбөстөн никесин каттоодон өткөрүшүп, жакындары менен белгилешкен.