Сүйүнчү! Ырчы Самат Дөөлөтбаков уулдуу болду

Ырчы Самат Дөөлөтбаков бүгүн чоң сүйүнүчү менен бөлүштү. Ал   өздүк интернет баракчасына 14-июлда уулдуу болгонун жар салды. Белгилей кетсек, буга чейин ырчы жана жубайы белгилүү блогер Аида Дөөлөтбакова менен бир кыз, бир уулду тарбиялап келишкен. Наристеге “Саджан” деген ысым коюлду.

Ымыркайдын бешик боосу бекем болсун!

Калкыбызда наристелер көп төрөлүп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!