ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Жума күнгө жылдыздар кандай кеңеш айтат?

Кой – Бүгүн өзгөчө баамчыл болууңуз кажет.

Букачар – Бул күн документ , кагаз иштерин жыйынтыктоо үчүн эң сонун учур.

Эгиздер – Сизден жардам сурагандар болушу мүмкүн, жок дебей, өз пайдаңызды тийгизиңиз.

Бөйөн – Айланада болуп жаткандарга алаксыбай, өз алдынча иш алып барыңыз, ошондо мыкты жыйынтык аласыз.

Арстан – Күндүн окуялары сизден сабырдуулукту талап кылат.

Бийкеч – Аткара турчу ар бир ишти, жакшылап ойлонуп чыгыңыз.

Тараза – Тоону томкоргонго жете турчу күч бар сизде, аны болгону колдоно билүү керек.

Чаян – Өзүңүздө өнүктүрүүгө эң ылайыктуу күн, издениңиз.

Жаачы – Эмоцияларыңызды сактаңыз. Ал өзүңүздүн аган ден-соолугуңузга жакшы.

Текечер – Бирөөлөр менен алек болбостон , алгач өз жашооңузда эмне болуп жатканын билип алганыңыз оң.

Суупери – Болуп аткан көрүнүштөргө сабырдуулук менен мамиле кылсаңыз, жеңилдеп калганыңызды сезеңиз.

Балыктар – Өзүңүздүн мыкты жактарыңызды көрсөтүүдөн эч тартынбаңыз! Каалашынча мактаныңыз.