ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Ийгилик сөзсүз жаралат. Болгону сиз өз ишиңизди так аткарыңыз. Эгиздерге жылдыздар дал ушундай кеңеш айтышат…

Кой жылдызы – Баары өз убактысы менен болот. Эч шашпаңыз.

Букачар – Ички туюмуңузга ишенип, топтогон тажрыйбаңызга таянсаңыз эле туура чечим кабыл аласыз.

Эгиздер – Ийгилик сөзсүз жаралат. Болгону сиз өз ишиңизди так аткарыңыз.

Бөйөн – Бүгүн башкача ой жүгүртүүңүз менен өзгөчөлөнөсүз.

Арстан – Сизге бирөө ишенип өзү тууралуу айтса, көңүл бөлүп уга билиңиз.

Бийкеч – Сабырдуулук бүгүн сиздин жаныңызда.

Тараза – Сиздин кызыкчылыгыңызды эске алган адамдар менен убакыт өткөрүүгө мыкты күн.

Чаян – Ишти илгерилетүүгө сонун мүмкүнчүлүктөргө туш болосуз. Жөн гана кыймылдаңыз.

Жаачы – Бардык нерсеге байкоо салып жүрүңуз, бүгүн кылдаттык талап кылынат.

Текечер – Жаңы кызыктуу иштер менен алек болосуз.

Суупери – Бир маселени чечүүдө биринчи эле жаралган ой менен чечим чыгара бербеңиз.

Балыктар – Жагымдуу жаңылыктар маанайыңызды көтөрүп, жумушта эргүү пайда болот.