Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, калктын кадырлуу ырчысы Сыймык Бейшекеев мындан 25 жыл мурун жубайы Нурзадага баш кошкон. 1995-жыл, 15-октябрь бул үй бүлө үчүн өзгөчө дата. Дал ошол күнү борбордон жубайын ээрчитип туулуп өскөн жери Токтогулга сапар тарткан. Ал учурду каарманыбыз төмөндөгүдөй эскерет:
“Өзүм айылда өсүп чоңойгондуктанбы, айтор үлпөт той өткөрүүгө анчалык кызыккан эмесмин. Ал учурда филармонияда окуп жана иштечи элем. Өзүмдүн бир аз чогулткан тыйыным менен ата-энем берген миң сомду үйлөнүүгө жумшагам. Ага чейин биринчи борбордон үйлөнүп, унаага шар байлап алып айылга алып барганды кыялданчы элем. Ал эңсөөм да аткарылган, бирок ошол күнү Төө-Ашууда кар жаап, тыгындан Токтогулга кеч барып байлаган шарыбызды эч ким көрбөй калган(күлүп). Эртеси жубайыма шөкүлө, кыргыз көйнөгүн кийгизип, дос-теңтуштар менен райборборго барып сүрөткө түшүп, эс алуу уюштурганбыз.”
Чейрек кылым бирге түтүн булатып эки уул эки кыздын бактылуу ата-энеси болушкан түгөйлөр быйыл 25 жылдык юбилейди жакындар менен белгилөөнү пландап жатышат. Жайдары команданын атынан каарманыбыздын үй бүлөсүнө өсүп-өнүү жана бар жакшылыктарды каалайбыз.
Калкыбызда баш кошкон түгөйлөр көп болуп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!