Жагымдуу эмоцияга бай – Жылдыздуу отуруш!

Сүйүнчү радиосунун “Жылдыздуу отуруш” долбоорунун биринчи чыгарлышы 24-сентябрда болуп өттү. Бир апта бою оюнга катышып жүздөгөн угармандын арасынан суурулуп чыккан беш угарман Анжелика менен бир дасторкон үстүндө маңдайлаша отуруп, чогу ырдап, жакшы сөздөрүн арнап чер жазышты.

Алдын ала даярдык көрүп келишкени дароо көрүндү. Белеги менен кошо комузун көтөрө келген Акылай айым Анжеликанын репертуарынан “Сен ойлосом” чыгармасын аткарды.

Күйөрмандарын көргөнүнө кубанычта болгон Анжелика аларга өзүнүн автордук китебин кол тамгасы менен белекке тартуулады.

Анык тойдогудай атмосфера тартуулаган Сүйүнчүнүн шайыр командасы келген меймандардын сүрөттөрүн дароо чыгарып, ырчынын кол тамгасы менен бирге берди.

Куттуу жерден куру чыгарбай кадимки тойдогу “баштык операциясы” дагы жасалды. Сүйүнчүнүн логотиби түшүрүлгөн таттууларды меймандарыбызга  салып бердик.

Жылдыздуу отуруш долбоору дагы да уланат. Кийинки жуманын отурушуна катышуу үчүн дүйшөмбүдөн тарта “Боорсок шоу” таңкы программасындагы оюндарга катышып чакыруу утуп алыңыз.