Татыктуу оюн! Күмүш медаль Кыргызстандыкы!

Сүйүнчү! Кыргызстанга 3 – күмүш медаль келди.

“Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту. Бул эгемендүү кыргыз тарыхындагы үчүнчү күмүш байге. Буга чейин 2008-жылдагы Пекин Олимпиадасында Канат Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль уткан. Ал эми экинчи күмүш медалды кечээ гана Акжол Махмудов багындырды