Майрамыңыздар менен, айымдар!

Адамзаттын учугун улап жашоосуна өзөк болчу айымдар! Сиздерди 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен чын ыкластан ар бириңизге болгон терең урмат менен куттуктайбыз! Аялзаты бар үчүн тукум уланып, жер шарында тынчтык сакталып,  табияттын ажары артып турат. Сиздерге суктанбай коюуга  дегеле мүмкүн эмес! Айымдар бар үчүн муза бар, айымдар бар үчүн не бир сонун ырлар жаралат, сиздер менен жашоо эбегейсиз көрктүү.

Сүйүнчү радиосу жылдагыдай бүгүн дагы атактуу ырчылардын коштоосунда Жылдыздуу таски менен жолго чыгат. Аялдамада бейкапар коомдук транспорт күтүп турганыңызда сиз ырларын сүйүп уккан ырчылар Токтобек Асаналиев, Гүлжигит Калыков, Кудайберди Айтбосунов жана Мирлан Баеков сизге гүлүн сунуп, унаасына отургузуп каалаган жериңизге жеткирип коёт. Анда эмесе, Бишкектин аялдамаларынан жолугалы.