Кызматыбызга эл ыраазы болсо башкысы мен ошого сүйүнөм…

1989-жылдан бери чыгармачылыкта эмгектенип, кыргыз элине керемет ырларды тартуулаган. Ал ырлар ар бир кыргыз жүрөгүндө, кулагында унутулгус болуп жашап калган. “Таң сыры”, “Сагынганда бир келерсиң Ала-Тоону көргөнү” ж.б кыргыздын жадына сиңген жакшы ырлардын аткаруучусу Кутман Жолдошев Сүйүнчүнүн төрүндө жаштыгын эскерди. Кызыктуу маекти сиздерге дагы сунуштайбыз.

 

Кутман ага, жаштык жөнүндө сөз болгондо эмне эсиңизге түшөт?

Мен мурун чыгармачылыкка жаңы аралашып жүргөндө акын-жазуучулардын балалык, айыл тууралуу жазгандарын көп окучумун. Бирок ал нерсе мага түшүнүксүз болор эле. Эмнеге баары эле балалыгын ,айылын көп жазат дээр элем? Көрсө азыркы менин жашыма келгенде жаштык десе эле аталган нерселер эсиңе түшөт экен, сагынат экенсиң.

Жаштык тууралуу кеп салышып, балалыктан аттап өтүп кетсек болбой калат го. Андыктан балалыгыңыз кайсы жакта өттү? Көз алдыңызда кандай элестер бар?

Менин балалыгым Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында өттү. Ошол жакта кой кайтарып жүргөн учурум эске келет. Союз учурунда жумуш менен көп алек болдук. Тамеки, пахта жыйноо, чөп чабыкта иштеген учурум дагы көз алдымда.

Башкаларга караганда чыгармачыл адамдардын балалыгы, жаштыгы өзгөчө болот дейт. А сиздики кандай болду?

Мен шок дагы болгон жокмун, жоош дагы болгон жокмун. Көп зыяным жок бочу негизи. Балалыкта актёр болууну эңсеген элем. 5-6-класс окуп жүргөңдө сүрөт тартууга катуу кызыктым. Кар ээрип жаз жаңы келе жаткан учурунда тамдын башына чыгып алып тартаар элем. Азыр деле үйдөн балдар суранып калышса тартып калам. Бирок дайыма эмес.

Актерлукка, сүрөтчүлүккө кызыгыптырсыз а кандайча ырчылыкка келип калдыңыз?

5-класста окуп жүргөндө эжем сынакка алып барды эле . Барып Асанкалый Керимбаевдин “Кара Көлдүн кыздары” деген ырын аткарып чыккам. Жюриде отургандар үнүң жакшы экен бирок ырдаган ырың өзүңө дал келбейт экен деп койгон. Азыр сага сүйүү жөнүндө ырдаганга болбойт деп. Ошондон кийи н шаабайым сууп калды көрүнөт, ырга анчалык кызыгуум артпай калды. Сүрөт менен алек болуп жүрүп эле кийин 10 ду бүткөн учурда классташым Мааткасым айылга гитара көтөрүп келип калды. Анын ырдаганын көрүп алып классташыма чап кенедей жабыштым. Күнү-түнү тырышып жүрүп армияга кеткиче үйрөндүм. Аскерге баратканда дагы Украинага жеткиче поезден ырдап бардым.

 

Жаштык менен биргеликте өрт кез, шок кез дагы кошо жашайт эмеспи. Сизде жаштыгыңызда жасаган иштериңизде өкүнгөн, уялган, бекер кылган экенмин деген учуруңуз болду беле?

Албетте, жаштык мастык болуп көп эле ишти туура эмес жасап алат экенсиң. Мен окуучулук күндөрүмдө мугалимдердин тилин укпай, колхоздун жумушунан качып жүргөн учурумду эстеп эмнеге андай кылдым деп калам. Уялганым ошол качууну мен уюштуруп, балдарды мен азгырчы элем да. Ошентип көп эле шоктондук.

Ошол жаштыгыңыз менен азыркы учуруңузда жеке мүнөзүңүздө өзгөрүүлөр болдубу?

Өзгөрүү көп болду. Мен мурун маданият чөйрөсүнө аралаша электе адамдар менен аралашып, мамиле түзгөнду билчү эмесмин. Корс мүнөз, ороюраак болчумун. Чыгармачылык мени жумшартты. Анан аскерге барганда да көп тарбияландым.

Чыгармачылык кандайча башталып калды?

Аскерден келгенден кийин жумушсуздук күч алып, эптеп жанды багыш керек болду. Байкем аркылуу бир курулушка орношуп иштедим. Эки жылча курулушта иштеп тааныштарымдын айтуусу менен өзгөн райондук маданият үйүнө гитарамды көтөрүп алып бардым. Ырдаганымды угуп жактырышып жумушка алышты. Ал учурда чабандарга, талаада иштегендерге кыдырып концерт койчу элек. Ал жерде элдик театр дагы бар болчу. Баягы кыялым менен ошол театрга кирүүнү эңсеген элем. Жетекчим мага жакшылык кылып айлыгы бар ишке орноштуруп калып, эбептен себеп болуп ошентип ырчылыкка аралашып калдым.

Айтып калдыңыз ал учурда гитара менен кыдырып тойлордо эки күн катары менен ырдап калган учур болчу деп. Бизге кызык болгону ал учурда той кандай өтчү эле?

Ал кезде тойлор сейрек өтчү. Биз көбүнчө Ноорузда боз үйлөрдү кыдырып ырдачы элек. Ал кезде фонограмма деген жок гитара, яммаха менен тынбай кызмат кылар элек. Тойлор үйдө өткөндүктөн эл уйкудан турганда таң заардан тарта ырдап, түнгө чейин уланаар эле.

Сиз айткан айылдарды кыдырып концерт коюп жүргөндөгү кызыктар тууралуу айтып өтсөңүз.

Гостролдо көп жерде жүрдүк. Афишаны мен өзүм колго түнү менен жазып чыгаар элем. Эртеси барып өзүм илип, болор күнү концертти өзүм алып барып кайра өзүм ырдачымын. Кийин 2004-жылы Орок-Балка деген топ менен концерт коюп эл кыдырып калдык. Нарынга барып концерт коюп акыркы чекитибиз Казарманга бардык. Ал жакта аябай кооз гүлдөр өсөт экен. Жолдо бара жатып унаабыз бузулуп калып жетээр жерибизге кеч бардык. Барсак эл күтүп, кетчүсү кетип калыптыр. Көрсо эл илгерки бойдон калыптыр. Баягыдай бир күн мурун келип билет алып конуп калышат экен. Бирок ошентсе да аябай көп көрүүчү келди. Андан кийин бузулган унаа Казарманда калып калдык. Түштүк тарапка концертке кетишибиз керек деп эл түшкөн автобуска аппаратурабыз менен отурдук. Ал автобуска эл эчки, койлорду кошо салышат экен. Көздөгөн жерге жеткиче баягы эчкилер биздин аппаратуранын чубалгыларын чайнап салыптыр. Ошентип бир кызы болгонбуз.

Дээрлик 30 жылдан ашуун чыгармачылыкта жүрүптүрсүз. Карьераңыздын туу чокусуна жеткен учуру кайсы жылдарга туш келди?

Чыгармачылыктын өнүгүп турган учуру 2007-2008-жылдарга туш келди деп айтар элем. 2005-жылы “Таң сыры” чыккандан кийин күч алды. Мен өзүмө сезилген эмес атактуу болуп атым чыгып турган учурда тегерегимдеги адамдардын айтуусунда сизге учураша албай кол сунуп калар элек деген сөздөрүн угуп калам. Демек мен дагы жылдыз оорусу менен ооруган окшойм.

Мен сүйүнөм…

Мен ырдаган ырларым элдин жүрөгүнөн орун таап ырдалып жүрсө ошол менин ийгилигим деп эсептейм. Ырчынын жасаган ар бири иши баары эл үчүн. Кызматыбызга эл ыраазы болсо башкысы мен ошого сүйүнөм.

 

Дал ушундай атактуулардын ностальгияга чулгаган маегин “Жаштык жазы” программасынан ар жекшемби саат 12:00 дө угуңуз.