Cүйүнчү! Жакында той!

Сүйүнчү! Учурунда хит болгон, күнү бүгүнкүгө чейин угармандын сүйүп уккан  “Күттүм ай” ырынын автору жана аткаруучусу Джони бойдокчулук менен коштошкону турат. Белгилей кетсек, 2019-жылдан бери Айжан аттуу сүйлөшкөн кызы бар экенин жарыя кылып, үстүбуздөгү жылдын февраль айында бийкечине сөйкө салган.

29-ноябрь күнү кыз узатуу болсо, 2-декабрда үлпөт тою өтөт. Бишкек шаарындагы тойканалардын бири брондолуп,  даярдык кызуу жүрүп жатканын айтат.

Эки жашка бекем сүйүү жана жайдары жашоо каалайбыз. Жергебизде тойлор гана өтүп, Сүйүнчү жаңырып турсун!