Күн Сүйүнчү менен башталды!

Бири актёр, бири ырчы – Камчы Сарыбаев жана Максат Садырбеков удаасы менен күйөрмандарына Сүйүнчү айтышты. Тагыраагы, кечээ 10-майдын түнү Камчы Сарыбаев уулдуу болгонун элге жар салып инсаграм баракчасына “Сүйүнчү, бактылуумун” деп жазып калтырган.

Ал эми ырчы Максат Садырбеков дагы  бүгүн 11-май күнү таңында  “Сүйүнчү! Кудайыбыз буйруп уулдуу болдук” деп сүйүнчүлөдү.

Кыргыз шоу бизнесинде удаасынан келген бул жакшылыкты биз дагы куттуктайбыз. Ымыркайлардын боосу бекем болуп, жергебизде Сүйүнчү гана жаңырып турсун!