Кой – Жан дүйнөңүзгө жаккан гана иш менен алек болуңуз.
Букачар – Бүгүн оюңузду ичиңизде эле сактаганыңыз туура болот.
Эгиздер – Кыялыңызды орундатууга ылайыктуу күн.
Бөйөн – Эмоцияга алдырбаңыз. Сабырдуу болуу сунушталат.
Арстан – Башкаларга колуңузду сунуп, жардам тартуу кылгандан тажабаңыз.
Бийкеч – Өз оюңуз менен эле жашай бербей, улуулардын да кеңешин угуп коюу сунушталат.
Тараза – Өз пикириңизди аягына чейин коргогонду үйрөнүңүз.
Чаян – Жумуш көбөйүшү мүмкүн, бирок күн кызыктуу болот.
Жаачы – Жанга жаккан адамдар менен убакыт өткөрүү сунушталат.
Текечер – Биринчи орунда албетте жумуш, бирок мезгил-мезгили менен эс алып турууну унутпаңыз.
Суупери – Жылдыздар сизге жагымдуу жана пайдалуу жолугушууларды убадалайт.
Балыктар – Сиз жана бул күн! Өзүңүзгө көңүл бөлүңүз.