Бүгүн биздин майрам!

Бүгүн биздин майрам!

7-май — Кыргызстандын байланыш тармагынын жана радио кызматкерлеринин адистик күнү. Бул майрамдын тарыхы 19-кылымдан башталат. 1895-жылдын 7-майында биринчи радиоприемник дүйнө коомчулугуна жарыя кылынат.  Алгач радиостанциялар маалымат каражаты катары колдонулуп келген.

 

Өткөн кылымдын 20-жылдарынан тарта радио дүйнөлүк байланыш кызматында эң негизги маалымат булагы болуп калды. Ал эми Кыргызстанда эң биринчи радио берүү 1931-жылы обого чыккан. Бүгүнкү күндө өлкөдө жыйырмадан ашуун радио кызмат кылууда. Анын ичинде Сүйүнчү радиосу Кыргызстанда эң алгачкы той форматындагы радио катары 2019 — жылдын 5 — августунда обого чыкты.

 

Биздин шайыр команда менен таанышып алыңыздар!

Тилек Токтогулов

Музыка дүйнөсүн жакшы түшүнгөн,

Артынан көп кыздар бар жүгүргөн.
Мактап койсо кудуңдап,
Төбөсү көккө жетип сүйүнгөн.

Айымжан Рыспаева

Бою узун, чачы белден,
Каада салтты кыйын билген.
Каталарды укмуш тапкан кыз ушу,
Команданын улуусу да сулуусу.

Бүбү Садырбекова

Сарамжалдуу шайыр кыз,
Бары жокко дары кыз.
Сен турмушка чыкканда,
Жыргайт элек баарыбыз.

Нурайым Сыдыкова

Көлдүн кызы Нурайым,
Токтоо жүрөт ар дайым.
Үнүндө бар сулуулук,
Көрүңүз сиз да бир угуп.

Кубаныч Султанов

Толукталды диджейлердин курамы,
Жаңы үнгө көңүлдөрдү буралы.
Көлдүк жигит, эки кыздын атасы,
Сүйүнчүдө Кубаныч – тойдун эрке баласы!