ЖАЙДАРЫ ЖАША!

20-январь, жылдыздардын кеңешине көз салып коюңуз…

Кой жылдызы – Өзүңүзгө көңүл бөлүңүз. Көптөн бери эңсеп жүргөнүңүздү ишке ашырыңыз.

Букачар – Маанилүү иштердин бардыгын бүгүн башка күнгө жылдырып турганыңыз оң.

Эгиздер – Жылдыздар сизге өз алдынча калууга кеңеш берет, ошондо балким суроолорго жооп да таба аласыз.

Бөйөн – Жакындарга убакытты көбүрөөк бөлүңүз. Майда-чүйдө нерселерге да көңүлдү түшүрүүнүн кереги жок.

Арстан – Эч шашпаңыз, жети өлчөп, бир кескениңиз туура.

Бийкеч – Өзүңүз эмнени каалайсыз, башка бирөө эмес, өз каалаганыңызды ишке ашырыңыз.

Тараза – Туш тараптан кеңеш сурай бербей, өзүңүз чечим чыгарыңыз.

Чаян – бирөө менен сүйлөшүп жатканда, ал адамды уга билиңиз.

Жаачы – Позитивдүү ой, көз караш мунун баары ийгиликке жетүүгө мыкты өбөлгө түзүп берет.

Текечер – Бүгүн азыр жашаңыз! Өткөн кеткен артта калды.

Суупери – Кандай гана жана кимден гана маалымат укпаңыз анын чын экенин  текшерип чыгуу керек.

Балыктар  – Баары сиздин маанайыңыздан жана башкаларга кылган мамилеңизден көз каранды.