КОЙ ЖЫЛДЫЗЫ: Тартип, тартип жана дагы бир жолу-тартип! Биринчи жумуш анан гана эс алуу.
БУКАЧАР: Ишиңизди туура багытка бурганга мүмкүнчүлүк толтура!
ЭГИЗДЕР: Көнүмүш адаттардан арылыңыз, эскперименттерге бай күн.
БӨЙӨНДӨР: Туруктуулукту эмне экенин унутуңуз. Сюрприздерге бай күн!
АРСТАН: Эл эмне дейт дегенди оюңуздан чыгарыныз. Болгон күчүңүздү топтоп, мыктылыгыңызды көрсөтүңүз.
БИЙКЕЧ: Жылдыздардын айтымында баары сиздин колуңузда. Эң башкысы тоскоолдуктарга моюн сунбаңыз.
ТАРАЗА: Өзүңүздү жана айланадагыларды катуу сындагандан алыс болуңуз.
ЧАЯН: Жардам сурагандан эч тартынбаңыз. Сизге кол сунгусу келгендер бар.
ЖААЧЫ: Өзүңүздү, күнүңүздү жакындарыңызга арнаңыз. Калганы күтө турат.
ТЕКЕЧЕР: Катуу жаандан соң чыккан күнжелеси сымал жакында сиздин жашооңузга да күн жарк этип тиет.
СУУПЕРИ: Ойго батырган жумуштарды ишке ашырууга эң сонун күн.
БАЛЫКТАР: Маанилүү чечимдер??? Бүгүн эмес! Жалкоолонуп койсоңуз, эч нерсе болбойт.