ЖАЙДАРЫ ЖАША!

1-сентябрга карата сиздин жылдыз төлгөңүз…

КОЙ ЖЫЛДЫЗЫ-пландаштыруу дегенди унутуп, жон гана учурду кабыл алыңыз.

БУКАЧАР- Бүгүнкү күнүңүз айланадагылардан көз каранды. Жакшы адамдар менен курчаңыз өзүңүздү.

ЭГИЗДЕР- Уялуу, тартынуу деген бүгүн сизге жарашпайт, өзүңүзгө ишенип , башты бийик көтөрүп жүрүңүз.

БӨЙӨН: Ашыкча ойлордун бүгүн такыр кереги жок. Бул күн ийгиликтер менен сизди кубантат.

АРСТАН: Бул күн өзү эле сиз үчүн баарын даярдап койду, күтүүсүз кубанычтарга бай болот.

БИЙКЕЧ: Эки колду бириктирип коюп, алма быш оозума туш деген бүгүн жарабайт, аракеттениңиз.

ТАРАЗА: Бүгүн жакын достор менен көңүлдүү күн өткөрүү сунушталат. Шайыр компаниянын курчоосунда сонун күн күтөт сизди.

ЧАЯН: Биринчи аракетиңиз жемишин бербей калса, эч капаланбастан, дагы да аракет кыла бериңиз.

ЖААЧЫ: Сизге бүгүн эч ким жана эч нерсенин кереги жок. Жалгыздык сизге тоскоол болбойт , тескерисинче ойлорду топтоого мыкты мүмкүнчүлүк.

ТЕКЕЧЕР: Бүгүнкү күнгө пландаган иштердин санын кыскартсаңыз эч нерсе болойт, жалкоолугуңуз кечиримдүү.

СУУПЕРИ: Эс алууга татыктуусуз! Сүйүктүү өзүңүзгө убакыт болууну унутпаныз.

БАЛЫКТАР: Чечкиндүү болуп , кырдаалды өз колуңузга алууну үйрөнүңүз.