Сүйүнчү! Ырчы Аскат Мусабеков үйлөндү

Сүйүнчү! Бүгүн 25- майда белгилүү ырчы Аскат Мусабеков сүйүктүүсү жаш ырчы Миргүл Асаналиевага баш кошту. Бул тууралуу алардын өкүл атасы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев социалдык баракчасына жарыялады. Белгилүү болгондой өмүрлүк жарын алып кетүү үчүн ырчы жоро-жолдоштору менен бүгүн Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылына барышты. Карантиндин эрежелери толугу менен сакталып, үйлөнүү тойду белгилөө ырчынын туулган жери Ак-Моюнда өтөт.

Таланттуу түгөйлөргө түбөлүк сүйүү, бекем ынтымак каалайбыз!

Калкыбызда той-маараке көп болуп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!