Ырчылар Аваз Акимов жана Айдана Дека кызы Ариананын 1 жашын белгилешти…

Кош жылдыздар, үлгүлүү түгөйлөр Аваз Акимов менен Айдана Дека кечээ 16-январда кызы Ариананын туулган күнүн белгилешти.  Кечеде  эсте калганы  Аваз Акимов менен Айдана Дека “Кызым” аттуу чыгармасын ырдап кызын жетелеп киргени болду. Салтанатка ырчылардын үй-бүлөлүк достору, жакындары келишти. Бул кечеде балдарга өзгөчө көңүл бурулуп, көңүл ачуучу оюндар уюштурулган. Ал эми ата-энелер үчүн да орундуктар даярдалган.
Андан тышкары ырчылардын күйөрмандары дагы майрамга чакырылган.  Буга чейин түгөйлөр Инстаграм аркылуу сынак уюштурушкан. Анда сынактын жеңүүчүсү туулган күндүк кечеге чакыруу алмак. Сынактын жеңүүчүсү иш-чарага 3 баласы менен  катышып, сыйлуу конок болушту.