“Тынымсыз жасалган эмгек гана жакшы турмушка жетелейт”. КРнын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова менен маек…

 

Жаштык, сулуулук, байлык жана атактуулук. Мунун баары Крнын эмгек сиңирген артисти, элдин сүйүктүү ырчысы Самара Каримовада бар. Чыгармачылык үстүндө тынымсыз иштеп, жаны тынбаган ырчынын Сүйүнчү радиосуна берген кызыктуу маегин сунуштайбыз.

Чыгармачыл адамдан биз кызыгып сурай турган эң биринчи суроо, кандай жаңылыктар бар? Жаңы ырлар жаралып жатабы?

2020-жыл бир эле кыргыз үчүн эле эмес бүтүндөй дүйнө үчүн чоң сыноо болду. Андан сырткары биздин эл бир топ залкарлардан айрылды. Пандемия учуру чыгармачыл адамдарга да чоң кризис жаратты. Ошентсе да элибиз үчүн жакшы ырларды чыгаруу кызматындабыз. Жакыныда эле ата-энелерибиз үчүн «Перзент карызы» деген жаңы чыгарма жаралды. Али эч ким уга элек. Биринчилерден болуп “Сүйүнчү” радиосунан жаңыртайын деп турам.

Бир карасак Самара Каримова Өзбекстанда, бир карасаң Россияда жүрөт. Кантип баарына жетишесиз? Сиз дагы бутту сунуп эс алып, үйдө, балдардын маңдайында отургуңуз келет чыгар.

Мен өзү бош отургандан чарчайм. Баарына жетишсе болот.  Тынымсыз жасалган эмгек гана жакшы турмушка жетелейт. Менин апам дайыма айтат “Аракет кыл, жаныңды кыйна, ошондо кыялыңдагы турмушка жетесиң” дейт. Андыктан сенин жашооң өзүңөн гана көз каранды. Эч нерсе оңой жол менен келбейт. “Өнөр адамынын бир көргөнүн хан да көрбөйт, бир көргөнүн ит да көрбөйт” дейт. Көшөгө артында жан чыдагыс кыйнычылыктар көп. Болгону чыдаш керек, аракет жасаш керек.

Жаштык, байлык,  сулуулук, атактуулук. Мунун баары сизде бар. Бирок адамдын кыялында чек жок дейт. Сиздин кандай кыялдарыңыз бар?

Алдыга койгон максаттарым, кыялдарым абдан көп. Ырчылыкка аттанганы эле койгон максатым дүйнө жүзүнө таанылуу болгон. Ошол кыялым үчүн дайыма аракет жасайм, тынымсыз иштейм.

Ар тараптан өзүңүздү көп сынап келесиз. Ырчы, актриса, саясатка да аралашайын деген оюңуз бар. Айтсаңыз элдин эсинде ушулардын арасынан ким катары калгыңыз келет?

Эң биринчи эле кыргыздын кызы катары калгым келет. Менин эң биринчи планымда үй бүлөлүк очогум турат. Энелик милдетим турат. Андан соң гана экинчи орунда карьера. Мен эксперимент жасоодон эч качан коркпойм. Өзүм ырчылык, актрисалыктан сырткары ыр жазам. Сүрөттү жакшы тартам. Балким кийин художник болууга аракет жасайттырмын. Айтор изденүүнүн, өнүгүүнүн үстүндө гана жүргүм келет. “Төрөлүү жана өлүү гана бешенеге жазылган, ал эми атак-даңк, байлык баары сенин аракетиңден” деген кеп бар. Ошондуктан алдыга гана умтулуп туруу керек.

Актрисалык демекчи, Ош драм театрында актриса болуп эмгектенгениңизди билебиз. Сиз самаган, жакшы көргөн роль кайсы?

Мен буга чейин ойногон ролдорумдун ичинен Султан Раевдин “Илек – илек” спектаклиндеги башкы каарман. Андан сырткары “Акшоола” телесериалындагы Акшооланын ролун жакшы көрөм. Мен өзүм жашоодо катуу, күчтүү айыммын. Көп нерсеге ыйлай бербейм. Ошол жерден гана каарман экөөбүз  гана бири-бирибизге окшошпой калганбыз. Өзбекстандык режиссёрлордон дагы сунуш түшкөн. Келерки жылы чет элдин сериалдарына да тартылам деп турам.

Жогоруда аталган “Перзент карызы” чыгармасын Сүйүнчү fm телеграм каналынан угуп, көчүрүп алсаңыз болот.